<?xml version="1.0" encoding="UTF-8"?><song><hymn_number>180</hymn_number>
<title>Жашыл (бир) шибер, таза аба РЫЖ180</title>
<lyrics>[V1]
. Em                     H7
 Жашыл (бир) шибер, таза аба,
.  Am         H7       Em
 Жайың (бир), кышың керемет.
.  Em                H7
 Жайлооңдун жыты аңкыган,
. Am             H7 Em
 Жергеме дагы не керек?
.    Am          G   Em
 // Өмүрүң өтөр анда да,
.Am       H7          Em
 Түйшүккө батып, термелеп. //

[V2]
 Алыска кетти атагың,
 Арманың беле дегдеген?
 А бирок жүрөк кагышы
 Черткенсийт муңдуу термеден.
 Мансаптан таппай майнапты,
 Далайлар барат шор менен.

[V3]
 Бакса да ата баласын,
 Бакпады бала атасын.
 Жан кыйып далай өспүрүм,
 Жашоодон алды жазасын.
 Кыргызым, билбей, түз жол деп,
 Адашып, кайда барасың?

[V4]
 Замандын мындай абалы
 Жаңылык эмес, кыргызым.
 Ыйсага келип, чөгөлөп,
 Өтүнүп тобо кылгының.
 Түбөлүк өмүр Ал берет,
 Кечирим сура, кыргызым.
 Жаныңа тынчтык Ал берет,
 Ыйсага келгин, кыргызым.
 (Кечирим сура, кыргызым).</lyrics>
<key>Em</key>
</song>